​Бишкекте коомдук транспорт 25-майдан тартып иштей баштайт

  • 4 года мурун

25-майдан тартып Бишкекте коомдук унаа-автобус жана троллейбустар иштей баштайт.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди.

-Аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо боюнча катаал талаптар коюлат. Жүргүнчүлөрдүн баары беткап тагынууга милдеттүү, — деп билдирди Боронов.

Калкты тейлөө борборлору 21-майдан тартып иштейт, ошондой эле бут кийим оүдоочу жайлар, эмерек ремонттоочу жана саат оүдоочу жайлар иштей баштайт.

Инфекциялык оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу келип чыккан учурда убактылуу чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилген,

Республикада 1-майдан жана 11-майдан тартып бир катар ишкана-уюм, мекмелерге иштөөгө уруксат берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты