​71 бейтап сакайып чыкты

  • 4 года мурун

19-майга карата бир сутка ичинде 71 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бишкек шаарында – 55, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда — 3, Нарын облусу – 2 киши сакайды.

Республика боюнчажалпы 898 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Акыркы сутка ичинде 2211 изилдөө жүргүзүлгөн. Анын негизинде COVID-19 га чалдыккандар менен менен байланышта болгон жактардын саны – 6164 ге жеткен

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2153 киши жатат. Стационарда – 331, алардын ичинен реанимацияда – бешөө жатат.

Жалпысынан 14 бейтап каза тапты.

Бул маалыматтар 19-майдагы маалымат жыйынында айтылды.

19-майга карата бир суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталып, жалпы саны 1243кө жетти.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты