​Токойду инвентаризациялоо иштери башталат

  • 4 года мурун

Токойчулардын талаа тобунун башчылары онлайн-тренинг өткөрүп, Бишкекте кара жыгач багындагы бак-даракты ченөө иштерин башташты.

Тренер жана эксперттерди даярдоонун максаты 12 команданы окутуп, Кыргызстандын токойлорун инвентаризациядан өткөрүү болуп саналат.Ал иш-чара он жылда бир өткөрүлөт.

Окутууну улуттук жана эл аралык эксперттер жүргүзөт.

Талаа иликтөө иштери республиканын бардык токойлорунда июнь айынан баштап жүргүзүлөт. Бардыгы болуп 1300 токойдун маалыматтары заманбап жабдыктар жана спутник сүрөттөрү аркылуу иликтенет.

Иш-чара айлана -чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банктын жана Глобалдык экологиялык фонддун жардамы менен жүргүзүлөт. Биринчи инвентаризация 2008-жылы өткөрүлгөн.

Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты