Дагы үч медкызматкер коронавирус жугузуп алды
- 4 года мурун
17-майдагы маалымат боюнча, бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 3 учур катталды.
Ал эми стационардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясына медицина кызматкерлердин 251и кабылды. Алардын 204ү стационардан айыгып чыкты.
17-майга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 21 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1138ге жетти.
Бир суткада 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Республика боюнча жалпы 804 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Сүрөт: Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү