​Көп балалуу энелерге баатыр эне ордени тапшырылды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков энелер күнүн утурлай, 16-майда өлкөнүн көп балалуу энелери менен жолугушту.

Жолугушууга Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Альфия Закирова, Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну Дилбар Пардабаева, Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну Юлия Алексеева, Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Динара Султанмуратова, Бишкек шаарынын тургуну Маматали кызы Гүлбарчын катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков аларга «Баатыр эне» орденин тапшырды.

«Энелер — үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен уюткусу, коломтонун ээси, жалпы мекенибиздин куту. Ар бир бала — эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат. Өлкөбүздөгү ар бир бала эне мээримине бөлөнүп чоңойсун деп тилек кылам. Ошондо коомубуз адилеттүү, мамлекетибиз күчтүү, эли-журтубуздун келечеги ишенимдүү колдо болот», — деп белгиледи Президент.

Ар бир баланын эне камкордугу астында өсүшү элдин бакубат келечегине өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.

«Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон балдардын өз ара мамилелери, бири-бирине болгон бир туугандык сезимдери бекем болот. Турмуш тастыктагандай, көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан балдардын Мекенге, өз эл-жерине болгон сезимдери өзгөчө болот», — деди мамлекет башчы.

Президенттин жарлыгына ылайык, өлкөдөгү 1014 энеге «Баатыр эне» наамы, ал эми 519 энеге «Эне даңкы» наамдары ыйгарылды.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде энелер күнү белгиленет.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты