​Жалал-Абадда жер титиреди

  • 4 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-апрелде саат 22:16да Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон жана Чаткал районунун Сумсар айылдарында 4 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Терек-Сай, Кызыл-Токой, Аксы районунун Кербен, Мундуз, Сары-Кашка,Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты