Ош облусунда жер силкинди

  • 4 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 14-майда, саат 03:09да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында 4 балл, Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты