​АКШ жана ЕБ укук коргоочу Аскаровго ырайым берүүнү сурады

  • 4 года мурун

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия боюнча бюросу укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча Жогорку соттун чечиминен кийин билдирүү таратты.

Бюронун «Твиттердеги» баракчасына “Апелляциялык арыз берүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып Президент Сооронбай Жээнбековдон анын (ред: Аскаровдун) улгайгадыгына, ден соолугуна жана дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 илдетинин коркунучуна байланыштуу ырайым кылып, бошотууну суранабыз” деп жазылган.

Ал эми Европа Биримдигинин Сырткы байланыш кызматы укук коргоочуга чыгарылган акыркы инстанциянын чечими Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылы берген сунушуна туура келбесин билдирди.

Европанын сырткы байланыш мекемеси БУУнун адам укуктары боюнча комитети укук коргоочу Аскаров кармалган учурда мыйзам бузууга, кыйноого кабылганын, ага адилет сот укугунан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилбегени аныкталганын белгиледи.

13-майда Жогорку сот Аскаров боюнча буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Аскаров өзү күнөөсүз экенин билдирип келет. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон.

Аскаровдун кыргыз өкмөтү боюнча Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, бирок каралбай калган. Азырынча арыз качан каралары белгисиз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты