​Дагы 6 медкызматкерге коронавирус жукту

  • 4 года мурун

14-майдагы маалымат боюнча бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен Бишкек шаарында — 5, Ош шаарында – 1.

Ал эми стационардан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 247 учур катталды. 192 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында билдирди.

Кыргызстанда 14-майга карата бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Вирус жуктургандардын саны бардыгы 1082ге жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты