Ишкерлерди текшерүү мораторийин узартуу сунушталды

  • 4 года мурун

Экономика министрлиги өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ишкер чөйрөнү колдоо максатында өкмөттүн 2018-жылдын 17-декабрындагы «Ишкер субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуутууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунуш кылды.

Ал долбоордо ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий мөөнөтүн 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган.

Министрлик белгилегендей, буга чейин өкмөттүн аталган токтомуна ылайык, мораторий 2019-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 1-январына чейин киргизилген.

Өкмөтбул токтом менен ишкерлерди жөнү жок текшерүү тыйылганын, бул ишкерликти колдоодогу негизги жетишкендик экенин билдирип келет. Бирок айрым ишкер бирикмелер бул токтом кагаз жүзүндө калганын сындап жүрүшөт.

Өлкөдө коронавирус илдетине байланыштуу ири шаарларда киргизилген өзгөчө абал көпчүлүк ишкердин ишин токтоткон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты