​Путиндин басма сөз катчысы коронавирус жугузуп алды

  • 4 года мурун

Россиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков коронавирус жугузуп алды.

Бул тууралуу кабарды ал ТАСС маалымат агенттигине ырастады.

Өткөн айдын аягында орус премьер-министри Михаил Мишустинге да коронавирус жукканы белгилүү болгон. Өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлгөн.

Орусияда соңку бир күндүн ичинде COVID-19 жуккан дагы 10 899 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын саны 232 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен Орусия АКШдан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды. Акыркы бир күндүн ичинде бул өлкөдө сөз болуп жаткан илдеттен 107 адам жан берди. Жалпысынан 43,5 миңдей киши айыкты.

Президент Владимир Путин 11-майда Орусияда жалпы иш эмес күндөрдүн мөөнөтү мындан ары узарбай турганын айткан жана карантин чараларын жумшартууга байланыштуу ар бир аймактын бийлиги өз алдынча чечим кабыл аларын билдирген.

Сүрөт: ТАСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты