​Covid-19дун айынан Кыргызстандагы айрым үйлөрдүн курулуштары бүтпөй калышы мүмкүн

Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын курулуш тармагына дагы катуу кесепетин тийгизди. Курулуш компаниялары үйлөрүн кечиксек дагы бүтүрөбүз дегени менен, эксперттер айрым компаниялар куруп баштаган объектилерин бүтүрө албай калышы мүмкүндүгүн айтып жатышат.

Бул макала Cabar.asia аналитикалык порталы менен биргеликте даярдалды.

Кыргызстандан Өзгөчө абал жарыяланган 22-марттан тарта курулуш иштери дагы тык токтогон.



Cүрөттө: «Турпан Строй» компаниясынын жетекчиси Жеңиш Жумакадыров

“Турпан Строй” курулуш компаниясы он төрт кабаттык үй куруп, 9-10-кабатына жеткенде ишти токтотууга мажбур болгон. Компаниянын башкы директору Жеңиш Жумакадыров эми кардарларга убада берген мөөнөтүндө бүтүрө албай калабыз го деп чочулап турат.

“Иштебегенибизге бир айдан ашты. Жылдын аягына чейин бүтүп, 2021-жылдын май айына чейин кардарларыбызга өткөрүп беришибиз керек эле. Тилекке каршы, коронавирустун кесепетинен батирдин бүтүү мөөнөтү бир-эки айга жылдырылышы мүмкүн. Эл деле туура түшүнсө керек”, — дейт Жеңиш Жумакадыров.

Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдын январь-март айларына карата маалыматка караганда, 208 чарчы метрге жакын 1797 даана турак-жай курулган. 2019-жылдын ушул эле аралыгындагы көрсөткүчкө карата 1,3%га көбүрөөк курулуш курулган.Жалпысынан алганда, өлкөнүн ИДПсындагы курулуш тармагынын үлүшү акыркы жылдары өсүп жаткан.

Курулуштун ИДПдагы үлүшү, пайыз менен (Акыркы беш жылдагы маалымат)

Кыргызөмөтү 1-майдан тарта өзгөчө абал шартында айрым тармактарга иш алып баруууга уруксат берди. Алардын катарында курулуш тармагы дагы бар.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2019-жылга карата маалымат боюнча, 12 806 адам курулуш тармагында эмгектенген. Бишкек тууралуу кеп кыла турган болсок, көпчүлүк жумушчулар аймактардан келип иштешет. Азыркы учурда жумуш башталганы менен жумушчуларды чогултуу кыйын болуп жатат.

“Бизде иштеген көп балдар айылдарына кетип калышты. Алар келеби, же келбейби белгисиз. Бирок, аз болсо да ишти акырындан жылдыра беришибиз керек. Токтоп калганыбыз болбойт”, — дейт Жумакадыров.

Курулуш компаниялары карантин 2020-жыл ичинде куруу пландалган үйлөрдүн санына дагы таасирин тийгизерин болжолдоп жатышат.

“Быйыл, биз эки, үч объект салып баштайлы дегенбиз. 1-майда “Тунгуч-Ордо” деген аталыштагы көп кабаттуу үйдү баштамакбыз. Карантинге байланыштуу эми аны жылдырышыбыз керек”, — дейт Жеңишбек Жумакадыров.

«Мындан ары эмне болот?”

Өлкөдөгү өзгөчө абал алынып, курулуш иштерине уруксат берилгени менен кыймылсыз мүлк рыногунун келечеги бүдөмүк.



Сүрөттө: «Имарат-Строй» компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиев

“Акча төлөй турган кардарлардын баары төлөбөй калды. Алар ар кандай шартта төлөгүсү келбей жаткан болушу мүмкүн. Анткени, ар бирибиздин башыбызда, “Эмне болуп кетет? Андан көрө төлөбөй эле кое турайынчы” деген күмөн саноо бар да”, — дейт “Имарат Строй” компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиев.

Кыргызстандагы курулуш тармагы мигранттардын жардамы менен акыркы жылдарда өнүгүп жатканын айтат экономика илимдеринин доктору Төлөн Абдыров. Алар чет өлкөдөн иштеп тапкан акчасына ата мекенинен ипотекага же бөлүп төлөө жолу менен үй алып жатышкан.

“Коронавирустун кесепетинен алардын иши токтоп, айлыктары азайып, айрымдары кайтып келип жатышат. Мунун айынан кардарлар алган батиринин акчасын төлөй албай калышат. Бул курулуш компанияларынын ишине чоң кедергисин тийгизет”, — дейт ал.




Сүрөттө: Данияр Аманалиев, weproject.media

Экономист Данияр Аманалиев коронавирустун кесепети өлкөнүн экономикасына катуу сокку урганын белгилейт. Карантинден кийин элде акча калбайт, болсо деле ал акчаны батир алууга жумшашпайт.

“Мунун кесепетинен улам сатуулар азаят. Бул компаниянын бюджетинечоң таасирин тийгизет. Ошондуктан, алар өздөрүнүн ички чыгашаларын азайтып, жаңы стандарттагы үйлөрдү курууга өтүш керек”, — дейт Аманалиев.

Бирок азыр башталган курулуш объектилеринин курулуп бүтүшү күмөн болуп турат. Курулуш компаниялар аларды өз чөнтөгүнөн бүтүргөнгө каражаты жок экенин, ошондуктан банктардан насыя алууга мажбур экенин айтышууда.

“Биз банктардан миллиондогон сомдорду насыяга алып турабыз. Антпесек курулуш токтоп калат. Мунун бир жаман жери тапкан пайдабыздын канча бир бөлүгү насыяга кетип калат”, — дейт Бейшенбек Иманалиев.

Бул кыйынчылыктардан улам, запаста акчасы жок компаниялар курулушун аягына чыгара албай токтоп калуу коркунучу дагы бар экенин айтат экономист-аналитик Ринат Камиев.



Сүрөттө: Ринат Камиев, sputnik.kg

“Азыр ишин жаңы баштаган кичи курулуш компанияларына кыйын болууда. Керек болсо алар банкрот да болуп, айрым курулуп жаткан объектилер бүтпөй токтоп калышы мүмкүн. Бул курулуш тармагына байланыштуу бардык фирма, завод, соода түйүндөрүнүн ишине тоскоолдук жаратат”, — дейт Камиев.

Өкмөт жардам береби?

Каатчылык курулуш компаниялардын ишмердүүлүгүнүн начарлашына гана эмес, курулуш материалдарын саткан базарлардын, соода түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүнө дагы кесепетин тийгизерин айтат Төлөн Абдыров.

Сүрөттө: Төлөн Абдыров, Cabar.asia

“Курулушка керектүү делген материалдарды саткан көптөгөн фирмалар, ишканалар токтоп калышы мүмкүн. Мунун натыйжасынан улам экономикабыз артка кетет. Эң негизгиси өкмөт курулуш тармагын токтотпой акча жагынан болбосо да, салык жагынан жардам бериши керек”, — дейт аналитик.

Бирок курулуш тармагы өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын тизмесине кирген жок. Азык-түлүк коопсуздугу тармагындагылар, медициналык каражаттарды жасагандар, аймактык долбоорлор, кайра иштетүү өндүрүшү жана башка тармактар жеңилдетилген насыяларды ала алышат. Мунун баары экономиканы кайра калыбына келтирүү үчүн кабыл алынган антикризистик чаралардын экинчи пакетинде каралган.

Республикалык штаб кризистен кийинки экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү программа иштелип жатканын билдирди. Бирок, азырынча ага курулуш тармагы кирер-кирбеси белгисиз.

Данияра Аманалиевдин пикиринде, өкмөт курулуш компанияларына жок дегенде салык тарабынан жардам бериши керек.

“Өкмөт бүгүнкү күндө жарандарга башкалардын укугу аркылуу жардам берип жатат. Мисалы, банктарга “Насыя алган жарандарга төлөө мөөнөтүн узартып беришиңер керек” деп чечишти. Эгер банктар узартышса, аларга өкмөт тарабынан кандайдыр бир көлөмдөгү компенсация каралышы керек эле. Бирок, өкмөт тарабынан компенсация каралган жок. Бул туура эмес. Болбоду дегенде, компанияларга салык тарабынан жеңилдетүүлөрдү бериш керек”, — дейт ал.

Ал эми экономист Сейтек Байгуттиев болсо өкмөттүн гана жардамына ишенбей, курулуш компаниялары дагы кризиске жараша өздөрүнүн пландарын жана саясатын өзгөртүшү керектигин айтат:

“Компаниялар батирлердин бааларын элдин деңгээлине жараша бычып, өтө кымбат кылбай сатыш керек. Ошондо аларда жылыш болот. Эгерде баасын жогору кылып тура берсе, эч ким аны албайт. Компаниянын рейтинги да төмөндөйт. Алар келечекте элдин талабын изилдеп, анан иш алып барыш керек деп ойлойм”, — дейт Байгуттиев.

Дилбар Алимова, Кымбат Турдубекова

Башкы сүрөт: Kloop.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты