Али Шабдандын посттору боюнча укук коргоо органдары кайсы мыйзам бузууларга жол беришкен?

Баяндар

Медиа полиси институту «Али Шабдан" аттуу соцтармак колдонуучусу боюнча укук коргоо органдары улуттук коопсуздук, жеке маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка бир катар процессуалдык ченемдерди бузду» деп билдирди.

Акыркы убакытта биз, жарандарды алардын бийликтин аракеттерине карата соцтармактарда постторду же комментарийлерди жарыялашына байланыштуу укук коргоо органдарына чакырылышы жөнүндө окуяларды көбүрөөк уга баштадык.

Бул колдонуучулардан (посттордун авторлору, ошондой эле репост жасаган адамдар жана жада калса социалдык тармактардагы посттордун комментаторлорунан) түшүндүрмө каттарды алып жатышат, түшүнүксүз юридикалык жоопкерчилик жөнүндө эскертип жатышат. Бир сөз менен айтканда, алар менен “түшүндүрүү” ишин жүргүзүп жатышат.

Ушуга окшогон мисал 2020-жылдын 1-майында Шабдан у Ч. аттуу жаранда болду.

Ал өзүнүн соцтармактардагы барагында, мында кандайдыр бир мыйзамдарды бузбастан, сөз эркиндигине жана пикирин билдирүүгө конституциялык укугун ишке ашырган. Бирок жыйынтыгында ага милициядан келип, облустук ИИБге алып келишкен жана анын аракеттеринин себеби боюнча андан түшүндүрмө талап кылышкан.

Ушул конкреттүү мисалда эмне үчүн укук коргоо органдары жарандын эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болууга конституциялык укугуна гана кол салбастан жана ошондой эле улуттук коопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана башка бир катар процессуалдык ченемдерди бузгандыгын түшүнүүнү сунуштайбыз.

Шабдан у Ч. (Ali Shabdan) деген ким?

Шабдан Али (тармактагы аты) – бул Шабдан у Ч., КР жараны, ал Талас облусунда жашайт. Кыргызстанда жашап жана демократиялык өлкөнүн жараны болуп ал өзүнүн Facebook соцтармагындагы баракчасында ар кандай коомдук-маанилүү темаларга далай жолу өзүнүн пикирин билдирген. Бул укукту ал эркин ой жүгүртүүгө жана өзүнчө пикирге ээ болуу укугун белгилеген, КР Констутициясынын 31-беренесине ылайык ишке ашырат.

Ал эмне кылды?

КР УКМКнын Талас облусунун ИИБ начальнигине даректелген катына караганда, укук коргоо органдары Шабдан у Ч. карата анын төмөндөгү материалдарды жарыялашы менен байланыштуу кандайдыр бир алдын-алуу чараларын жүргүзүүнү чечишкен:

  • 1 пикир-пост (Шабдан у Ч. өзү жасаган),
  • шылдың кылуу подтексти менен 3 перепост (анын экөө Facebookта, Кыргызстанда гана эмес, массалык түрдө репосттолгон),
  • ошондой эле 1 чоочун комментарий (аны укук коргоо органдары анын автору Шабдан у Ч. деп жаңылышып жазып коюшкан)

Ошентип, Шабдан у Ч. өзүнүн пикирин билдирген «Бири үйдө олтурса, бири бюджетти олтургузуп жаткан заман» деген пост жазган.

Мыйзамды бузуунун белгилери жок болсо, милиция эмне кылышы керек?

КР Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесине ылайык, кызматкерлер материалды карап чыгууда кылмыштын же жоруктун белгилеринин жоктугун аныктай алса, иш боюнча өндүрүш токтотулууга тийиш.

Андан кийин кызматкерлерге “арызды кароосуз калтыруу” жазылган. Алсак, “Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө” убактылуу жобонун 14-пунктуна ылайык, эгер маалыматты каттоо журналында белгиленген кылмыш же жорук жөнүндө маалымат жасалган кылмыш же жоругун ырастоочу белгилерди камтыбаса же ал текшерүүдө ырасталбаса, анда 24 сааттын ичинде,маалыматты каттоо журналына катталган учурдан тартып, кароосуз калтыруу тууралуу чечим кабыл алынат.

Бирок, укук коргоо органдары эмне кылды?

Алар жаран Шабдан у Ч. жашаган жерге барышкан жана аны укук коргоо органдарына чакыруунун максаты катары УКМК катына шилтеме жасап, андан кийин үйүнө алып келүүгө сөз беришип, алар менен барууга көндүрө башташкан.

Укук коргоо органдарында болсо Шабдан у Ч. түшүндүрмө катын жазууну өтүнүшкөн жана ал аны жазып берген, анын сөздөрү боюнча ал катта, ал өзүнүн пикиринин эркиндигине конституциялык укугун ишке ашыргандыгын баяндаган.

Жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамды бузуу менен, Талас облусунун ИИБ начальнигине даректелген УКМКнын катында Шабдан уулу Ч. паспорттук маалыматтары, анын чет өлкөгө баруусу жөнүндө маалымат эмне үчүн көрсөтүлгөндүгү түшүнүксүз?

“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР мыйзамынын 24-беренесине ылайык, жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) (бул учурда паспорттук маалыматтарга ээлик кылган ЗАГС органдары, жарандардын чет өлкөгө чыгуулары жөнүндө маалыматка ээлик кылган мамлекеттик чек ара кызматы) ал маалыматтарды башка кармоочуга (ээсине) жеке маалыматтар субъектинин макулдугусуз төмөнкү учурларда өткөрүп берүүгө укуктуу: 1) жеке маалымат субъектинин кызыкчылыгын коргоо үчүн өтө зарыл болгон учурда;

2) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча, эгерде суралып жаткан жеке маалыматтардын тизмеги сурап жаткан органдын ыйгарым укугуна ылайык келсе;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде. Мында бул берененин 2-бөлүгүнө ылайык, жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) жеке маалымат субъектине анын жеке маалыматтары үчүнчү тарапка өткөрүп берилгендиги жөнүндө маалыматты бир жуманын ичинде каалаган таризде билдириши керек, бул ошондой эле жасалган эмес.

Ченемди изилдеп чыгып, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесинин үч талабынын бирөө дагы ылайык келген эмес деген тыянакка келебиз.

  • Биринчи талапты алып салабыз, анткени бул жерде Шабдан уулу Ч. кызыкчылыктарын коргоонун өзгөчө зарылдыгы жөнүндө сөз жок.
  • Экинчи талап туура келбейт, анткени мамлекеттик бийлик органы катары УКМКнын ыйгарым укуктарына жеке мүнөздөгү маалыматты МККдан суроо-талап кылуу кирбейт.
  • Албетте УКМК үчүнчү жагдайга: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде,шилтеме кылып жеке маалыматтарды ала алмак. Бирок, “Улуттук коопсуздук органдары тууралуу” КР мыйзамынын 16-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматты министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан суроо-талап кылууга жана бекитилген тартипте алууга укуктуу.

Бирок Шабдан уулу Ч. карата жүргүзүлгөн ишти улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди аткаруу катары эсептесе болобу?

Жок, анткени ал жаранга жазылып жаткан посттор, жогоруда көрсөтүлгөндөй КР Конституциясы менен корголот. Бул посттордо улуттук коопсуздукту бузууга багытталган сөз жок, ал жерде жаңжал чыгарууну козгооже болбосо кандайдыр бир мыйзамга каршы ишке чакыруу жок.

Бул өлкөнүн негизги мыйзамы менен кепилденген эркин пикир билдирүү укугунун алкагында эркин айтылуучу пикирлер.

Ушуга байланыштуу, улуттук коопсуздук органдары Шабдан уулу Ч. жеке маалыматтары жөнүндө маалыматты суроо-талап кыла алышпайт жана айрыкча ички иштер органдарына бере алышпайт.

Ошондуктан, УКМК кайсы негизде Шабдан уулу Ч. жеке маалыматтарын аныктоо боюнча ишти жүргүзгөн деген суроо логикалуу?

Эмне үчүн, ким тараптан жана кайсы негизде Шабдан уулу Ч. жеке маалыматтары жөнүндө маалымат УКМКга берилген? Бул суроолорду албетте көзөмөлдөөчү прокурор берүүгө тийиш.

Бул жагдайлар ички иштер органдарынын кызматкерлери жүргүзүшү үчүн түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүүгө, укук бузуу белгилерин камтыбаган жана мындан тышкары КР Конституциясы менен корголгон материалды жибергенУКМК кызматкерлеринин жоопкерчилиги тууралуу ойлонууга дуушар кылат. Т

Талас облусунун ИИБ начальнигине даректелген өзүнүн каты менен КР УКМК маңызы боюнча милициянын кызматкерлерин соцтармактын колдонуучусу менен анын сөз эркиндигинин конституциялык укугун ишке ашыруу фактысы боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө дуушар кылган.

Талас облусунун ИИБ жалпыга маалымдоо каражаттарында облустук ИИБ ыкчам кызматкерлери «тийиштүү жазуу жүзүндөгү тапшырманын негизинде ишти жүргүзүп жана алар тараптан мыйзамдуулукту эч андай бузуулар болбогондугун билдирди». ]Мында УКМК аймактык башкармалыгынын каты тапшырма болуп эсептелбей тургандыгын, анткени бул укук коргоо органдарынын ар кандай түзүмдөрү экендигин белгилеп кетүү керек.

Мыйзамдарда тергөө тапшырмалары каралган, бирок алар тергөөчүлөргө гана жана башка тергөөчүлөргө же болбосо кылмыш иши боюнча тергөө иш чараларын коштогон ыкчам кызматтарга гана берилет (КР ЖПК 154). Укук коргоо органдары маалыматты эсепке алуу журналында, андан кийин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде кандайдыр бир ишти жүргүзүүгө укуктуу (КР ЖПК 148). Бирок, материалды каттоо жөнүндө маалымат бүгүнкү күндө жок.

Мүмкүн бул учурда Талас облусунун ИИБ «эки от ортосунда» калып калган.Түшкөн материалга, ал УКМКдан жиберилсе кантип жооп бербейсиң жана тийиштүү түрдө тартиптик жоопкерчиликке тартуу коркунучу дагы болсо?

Бирок, ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамга ылайык материалды карап чыгып, УКМКга «укук бузуу белгилеринин жоктугунан улам, кандайдыр бир иш чараларды жүргүзүү мүмкүн эмес» деп жазууга милдеттүү болгон.

Жыйынтыгында бул иште жоопкерчилик тууралуу маселени ким чечиш керек?

Бул учурда Шабдан у Ч. прокуратура органдарына УКМК жана ИИМ аймактык башкармалыктарынын аракеттерине тийиштүү юридикалык бааны берүү талабы менен кайрылууга укуктуу.

Ушуга байланыштуу, бул учурда прокуратура органдарынын жооп кайтаруусун уккубуз келет. Анткени Конституциянын 104-беренесинде бул органга ыкчам-изилдөө ишмердигин, тергөөнү ишке ашырган органдардын мыйзамдарды сакташы үчүн көзөмөлдү ишке ашыруу функциясы берилген.

Эгер прокуратура органдары ыкчам-издөө кызматтарынын мындай аракеттерине өз убагында жооп кайтарып турса, келечекте мындан оор кесепеттерге туш болбошу мүмкүн.


Баяндарукук бузууИИМУКМКАли ШабданМедиа полиси