​Бишкекке кирүүдө кандай документтер керек?

Карантин учурунда Бишкекке кирүүдө кандай документтер талап кылынаарын өкмөт кабарлады.

  • Уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүк түрүнө кирбеген жарандарга карантин убагында шаар ичинде негиздүү себептер менен жүргөнү үчүн жанында чыгуу себеби жана бара турган жери көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы болушу керек.
  • Азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, медициналык мекемеге баруудан сырткары, шаар ичинде жүрүү чектелген, анын үстүнө жаныӊарда тек-жайын билдирген документ жана колго толтурулган маршруттук баракча алып жүрүү зарыл.
  • Уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүк чөйрөсөндүгө тизме кирген ишкана-мекемеде жарандарга, иштеген жеринен уюмдун катталган жери боюнча салык кызматынын райондук башкармалыгынын мөөрү же райондук акимчиликтин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат алуу керек (байланышты азайтуу максатында бул документтерди алуу үчүн уюмдун жетекчилерине, башкы бухгалтерлерине кайрылуу керек).
  • Жеке ишкерлерде патент болушу керек.
  • 13-майга чейин уруксат берилген ишмердүүлүк чөйрөлөрүнө ишке тартылган адамдарга маалымкатты алуу жана тиешелүү мөөрдү койдуруу зарыл.

11-майдан тартып коменданттык саат жоюлду. Бирок Бишкек, Ошто, Ат-Башы районунда жана Чаткалдын Каныш-Кыя айылында карантин киргизилди. Республика боюнча өзгөчө кырдаал режими күчүндө калды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты