​Коронавирустан жалпысынан 688 бейтап сакайды

Жаңылыктар

11-майга карата республикада бир сутка ичинде 13 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.

Бишкек шаарында – 11, Нарын облусунда 2 бейтап айыкты.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

11-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жаңы 14 учуру катталып, инфекцияга чалдыккандардын жалпы саны 1016га жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Жаңылыктаркоронавирус. КыргызстанайыктыНурболот Үсөнбаев