​​Кыргыз-тажик чек арасындагы конуштарда милиция көзөмөлдү күчөтөт

  • 4 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында элдин коопсуздугун сактоо жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында калк жыш жайгашкан айылдарда милициянын жөө кайгуул күзөтү күчөтүлөт.

10-майда Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүүдө ушундай чечим кабыл алынды.

Буга чейинки кол коюлган макулдашууларга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек аймактарында курулуш, эгин айдоо сыяктуу жумуштарды токтотуп турууну макулдашты.

8-майдагы жаңжалдын кесепеттерин, чыгымдарды тактоо үчүн эки өлкөнүн өкүлдөрү чогуу иштешет. Талаштуу аймактардын маселеси, чек араны делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын иши коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканда каралаары белгиленди.

Жолугушууга Баткен облус башчысынын биринчи орун басары Жаркынбек Максутовдун жетекчилиги менен Баткен районунун акими жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Тажикстан тараптан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасынын биринчи орун басары, Исфара районунун акими жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери келди. Жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында болду.

8-майда кыргыз-тажик чек арасынын Чек аттуу жеринде ок жаңырган. Кыргыз-тажик чек арасында атылган октон төрт кыргызстандык жабыркап, аларын үчөө ооруканага алынган.

Сүрөт: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты