​Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Жаңылыктар

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-майда саат 21:35те Кытайда болгон очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунда да сезилди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдао министрлигинин басам сөз кызматы кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт.

ЖаңылыктарКыргызстанЫсык-Көлжер титирөөКытайсйсмологияӨКМ