Өзгөчө абал мөөнөтү эртең аяктайт. Өзгөчө кырдаал режими узартылабы?

Бишкек, Жалал-Абад шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында киргизилген өзгөчө абал режими бүгүн, 10-майды кошуп эсетегенде соңуна чыгат. Өзгөчө абал режими улантылабы же өзгөчө кырдаал режими сакталабы?

Жалпы республика аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-майда, Жеңиш майрамы менен куттуктоосунда билдирген.

-Өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат. Ишканалардын иши жанданып, карым-катыш ачылган шартта да бул талаптарды кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз. –деди мамлекет башчы.

Бирок азырынча расмий жарлык кабыл алына элек. Республикалык ыкчам штабдын жыйыны бул маселени карап жатканы маалым болду. .

Президент 28-апрелде кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Өзгөчө кырдаалдын өзгөчө абалдан айырмасы эмнеде?

Өзгөчө кырдаалдын өзгөчө абалдан айырмасын биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов мындай деп билдирген:

-Өзгөчө кырдаал — Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.

КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалыматына караганда, «өзгөчө кырдаалдын» «өзгөчө абалдан» айырмасы бар. «Өзгөчө кырдаал» деген түшүнүк жеңилирээк болот.

“Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок элдин жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта жүргүзүлө берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат” деди Боронов.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал киргизилген.

Айгүл Бакеева

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты