​Оренбургдагы кыргызстандыктарды лагерге жайгаштыруу чечими чыкты

Россиянын Оренбург облусунун администрациясы кыргызстандык жарандарды Казакстандын чек арасы ачылганга чейин Оренбург облусунун Бузулук районундагы балдар лагерине жайгаштыруу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу Россия Федерациясындагы элчилик кабарлады.

Оренбург шаарындагы ардактуу консул жана диаспора активисттери жарандарды аталган балдар лагерлерине жайгаштыруу максатында Соль-Илецк шаарынан Бузулук шаарына келишти.

Бузулук шаарынын жанында 70ке жакын КР жарандары бар. Аларды балдар лагерлерине жайгаштыруу боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен иш алып барылууда.

Ошол эле учурда, КР жарандарынын айрымдары балдар лагерлерине баруудан баш тартып, жерге чатырларды орнотууну талап кылып жатышкандыгын белгилешти.

Ушул жылдын 7-майында Соль-Илецк шаарынан 541 жараныбыз казакстан тарабы түзүп берген бир жолку акциянын алкагында транзит коридордон өтүп, Кыргызстанга келишкен жана медициналык көзөмөлгө алынышкан. КР ТИМ жарандарыбыздын Соль-Илецк шаарынан алынып келиши

РФ аймагындагы башка жарандарыбыздын россия-казакстан мамлекеттик чекарасы тарапка барбашы керектиги буга чейин да маалымдалганын билдиришти.

Сүрөт жана видео: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты