​Чек ара чырын чечүү үчүн ЖК депутаты Карамат Орозовадан 10 сунуш

ЖК депутаты Карамат Орозова өзү Баткенден чыккан. Ал чек ара маселесин чечүү үчүн өкмөткө бир нече ирет сунуштарды бергенин, бирок ал сунуштар өкмөт тарабынан колдоого алынбай келатканын айтат. Сунушунда Баткен облусунун элининкоопсуздугун камсыз кылуу үчүн, социалдык-экономикалык абалын көтөрүү боюнча өзүнчө стратегиялык программа керектигин белгилейт. Ал кайсы сунуштар?

  • Эл чек араны таштап кетпеши үчүн, элдин коопсуздугун камсыз кылуу керек.
  • Баткендин чек арасын тактоо зарыл, тактаганда, кошуналар менен ортолукта пайдалана турган жол, суу, жайыт маселесин чогуу карап, көйгөйдү чечип кетүү керек.
  • Эң курч турган чек ара жерлерине,завод, фабрикаларды куруу менен, кайсыл категориядагы бош жер болбосун транформация кылып элге берүү зарыл.
  • Жеке ишкелерге эң төмөнкү — 2-3 пайыздык насыя берсе, алар да чакан ишканаларды курмак. Элге там салуу үчүн жерди берүү менен пайызы жок ссудаларды берүүсү керек, анткени, элдин экономикалык абалы өтө төмөн.
  • Ошол аймактарга мамлекет өзү кызматтык кабат үйлөрдү салганда гана жаш адистер барат. Аны менен катар эле мамлекеттик кызматта иштегендердин эмгек акысына 30% үстөк кошуу зарыл.
  • Баткен облустук ооруканасын тез арада куруу өтө зарыл, анткени, райондук оорукана эле облустук болуп калган. Реанимация, травматалогия, хирургия, роддомго бир эле операция жасай турган бөлүм бар. Чек ара чатагында ок тийгендер, дайыма эле кезеги менен операцияга алынат. Бул өтө кооптуу. Кудай сактасын, бирок көбүрөөк жарат алгандар болуп калса, бирине операция жасап бүткөнчө экинчиси кансырап кете берет.
  • Баткен облусунун борбору Баткен шаарын аскер шаарына айландырып, чек ара кызматын ошол жакка көчүрүү менен аскердик окуу жайларыначуу өтө зарыл. Жергиликтүү жаштардан аскер кызматына даярдоо керек.
  • Жогорку окуу жайларына өтүү үчүн жеңилдик берүү менен босого упайды 100гө түшүрүү керек.
  • Чек арада, кооптуу аймакта жашаган эл мамлекеттин камсыздоосунда болушу зарыл.
  • Аймактын шартын эске алып, айыл чарбасын өнүктүрүүчү долбоорлорду ишке ашыруу менен Баткенде жумуш орундарын көбөйтүү шарт. Жумушсуздар Россияга эмес Баткенге бара тургандай шарт түзүү зарыл.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты