Чаткалдагы окуяны министрдин орун басары комментарийледи

Саламаттык сактоо министринин орун басары Чаткалда дарыгерлер менен бейтаптын ортосундагы конфликт боюнча суроого жооп берди.

8-майдагы маалымат жыйынында саламатты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге мындай суроо берилди:

-Чаткалда тургундар менен медицина кызматкерлеринин ортосунда конфликт болду. Эл арасынан анализ алган медиктерге жасаган ушундай мамилеси көп болобу? Медиктерге кол салуу учурлары болду беле?

Саламаттык сактоо министринин орун басары Үсөнбаевдин жообу мындай болду:

-Дарыгерлерге кол көтөргөн учурлар болгон эмес, конфликт кийин жайгарылган. Бул талап кылган иш-чараларды тургундар аткарбай койгонунан чыккан. Айтылган иш-чараларды жасоо керектигине көзү жеткенде, ал кишилер макул болушкан, коронавируска каршы иликтөөлөр жүргүзүлгөн.

Алар бүгүнкү күндө дарыланып жатат. Байланышта болгондор арасында байкоо жүргүзүлүүдө, үй карантинине алынгандар да бар.Калган байланышта болгондор аныкталууда.

—Медицина кызматкерлерине кол көтөрүүнүн себеби алардын коронавирус жугузгандар тууралуу маалыматты ачыктап жибергенинен улам чыкканбы? Медицина кызматкерине маалыматты ачыктоо боюнча кылмыш иши козголду беле?

-Бул жерде кылмыш иши деп айтууга болбойт. -деди Үсөнбаев медкызматкерди киргизбей коюшкан. Ошондуктан укук коргоо орган кызматкерин чакырууга туура келген,- деди ал.

Чаткал райондук ички иштер бөлүмү дарыгерлердин талабына баш ийбей, кол көтөргөндөрдүн окуясына байланыштуу козголгон ишти тергеп жатканын билдирген.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда иш жазык кодексинин «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» фактысы менен козголгон.

Ички иштер бөлүмү жоруктар кодексинин «Дарыгерлик сырды ачыкка чыгаруу» боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүш ишин да карап жаткандыгы айтылган.

Райондогу аймактык оорукана коронавируска байланыштуу карантинге жабылганын оорукананын башкы дарыгери Малик Исмаилов “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн, 8-майдагы маалымат боюнча Чаткал районунда коронавируска чалдыккандардын саны 19га жетти.

Кыргызстанда бүгүнкү, 8-майдагы, маалымат боюнча COVID-19 инфекциясынын 11 учуру катталып, жалпы саны 906га жетти.

Сүрөттө: Нурболот Үсөнбаев. Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты