​АКШнын СDC борбору Кыргызстанга COVID-19га каршы чара көрүүгө 1,38 млн доллар бөлүп берүүдө

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) Борбор Азия мамлекеттерине COVID-19дун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларды колдоо максатында 6,8 млн. доллар, анын ичинде Кыргыз Республикасына 1,38 млн доллар бөлүп бергени жатат.

Кыргыз Республикасы үчүн COVID-19ду аныктоочу лабораториялык шаймандарды жана каражаттарды сатып алуу, коомдук саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине тренинг өткөрүү, чек аралардагы ден соолук абалын аныктоого техникалык жардам, жана ошондой эле клиникалык протоколдорду иштеп чыгып жүзөгө ашыруу маанилүү деп аныкталган.

7-майда ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун аймактык директору, доктор Даниэль Сингер, КР саламаттык сактоо министри, доктор Сабиржан Абдикаримов жана мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчили Дональд Лу тарабынан уюштурулган Facebook-тагы түз пресс-жыйынга катышты.

“Бул каражаттар Кыргыз өкмөтүнүн вирустун жайылышын басаңдатууга карата көргөн чараларын мындан да күчөтүүгө мүмкүндүк берет,” деди CDCнин Борбор Азия боюнча директору доктор Даниэль Сингер,

КР саламаттык сактоо министри доктор Сабиржан Абдикаримов:

“Борбор Азияда CDC менен кызматташуунун улантылышы министрликтин коронавирустун пандемиясына жооп кайтаруусун күчөтөт. Бөлүнгөн каражат саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жогорулатуу максатында сарпталат ”деп билдирди.

«Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасын приоритеттүү деп аныктап, алдыңкы катарда COVID-19га каршы күрөшкө жардам иретинде 913,000 доллар нарктагы жеке коргоо каражаттарын USAID аркылуу, эми 1,3 миллион CDC аркылуу бөлүп берүүдө. Бул АКШ Кыргыз өкмөтү глобалдык пандемияга каршы эффективдүү чараларды көрдү деп эсептээрин чагылдырат» деп белгиледи АКШ элчиси Дональд Лу.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

CDC – АКШдагы коомдук саламаттыкты сактоодогу алдыңкы мекеме жана Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөттөрү менен коомдук саламаттыкты сактоо жаатында көптен бери уланып келе жаткан тарыхка ээ.

CDC өзүнүн биринчи кеңсесин Алматыда 1995-жылы ачкан, учурда анын өкүлчүлүктөрү Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда жайгашкан.

CDC ар бир саламаттык сактоо министрлик менен, бул өлкөлөр илдеттердин жайылышына ыкчам чара көрүүсүн жакшыртуу максатында жергиликтүү лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, ооруларга жана калкка эпидемиологиялык көзөмөл кылуу багыттарында иш жүргүзүп келет.

Сүрөт: АКШ элчилигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты