​COVID-19: Вирус жуктурган медкызматкерлерге канча каражат төлөнөт?

  • 4 года мурун

Коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарга кызмат боюнча жардам көрсөтүп вирус жуктуруп алган учурда, медицина кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрү өкмөттүн буйрутмасына ылайык, 200 миң сомдон төлөнүп берилет.

Курман болгондо туугандарына 1 млн сом тийиштүү болот, ошондой эле төлөө эмгек кодекси менен аныкталат, — деп белгилеп өттү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев”.

Буга чейин саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев медкызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрүнүн эсептик көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүн айтып берип, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда жана медициналык кызматкерлер ар кандай жаракаттарды алып калышы мүмкүн болгон табигый кырсык учурунда төлөм тартиби башка буйрутмага тиешелүү төлөнүп берилерин билдирген.

7-майдагы маалымат боюнча бир сутка ичинде өлкө боюнча, 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 224 медициналык кызматкер катталды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты