«Каткелди» китебинин видео бетачары өтөт

  • 4 года мурун

Бүгүн, 7-майда, өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 75 жылдыгына карата чыгарылган “Каткелди” китебинин видео бетачарын өткөрөт.

Белгилүү коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты,Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек синирген ишмер Роза Айтматова менен жазуучу, полковник Асан Ахматовдун китебинин негизин согуш жылдарында почточу болуп иштеген өспүрүм бала, 15 жашында оорукта аткарган эмгеги үчүн 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн медалы менен сыйланган, техникалык илимдердин доктору, академик, 90 жаштагы Ильгиз Айтматовдун эскерүүлөрү түздү.

“Каткелди” китеби мектеп окуучуларына арналган, бирок ошол эле учурда элинин тарыхын, басып өткөн жолун сыйлаган, өнүгүү боюнча ой жүгүрткөн ар бир инсанга кызыктуу болмокчу.

Кыргызпатент бул китепти басып чыгаруу менен өсүп келе жаткан муундунжарандык жоопкерчилик сезимин, окуяларга туура баа берүү менен мамиле кылууга тарбиялоо, негизгиси – өсүп келе жаткан муунду улуттук негизги баалуулуктарга: улууларды урматтоого, коомдук жоопкерчиликке, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын сактоого үйрөтүү максатын көздөйт.

Китеп 1000 нускада мамлекеттик жана расмий тилде чыгарылды.

Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты