​Жалдагы балдар ооруканасында медиктер жана энелер коронавирус жуктурду

  • 4 года мурун

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда же эл арасында айтылгандай, Жалдагы балдар ооруканасында медицина кызматкерлери жана балдарын карап жаткан энелер коронавирус жуктуруп алганын “Кактус медиа” жазды.

Анда жазылгандай, алдын-ала маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунан оор абалдагы кичинекей бейтапты алып келишкен. Баланы коронавируска текшергенде, анализи терс чыккан. Баланын апасын текшеришкен эмес, себеби ал вирус жугузгандар менен байланышта болгон эмес жана анда дарттын белгилери жок болгон.

Бала 20 күндөн кийин, 17-апрелде ооруканадан чыгарылган. 24-апрелде эне-бала Жалал-Абадга бара жатканда, блок-посттон анализ алышкан. 29-апрелде анализдин жыйынтыгында апасынан коронавирус аныкталган.

Андан кийин алар жатып чыккан ооруканада иштеген медицина кызматкерлерин жана байланышта болгон энелерди текшеришкенде

коронавирус врач жана санитардан, ошондой эле балдарын карап жаткан үч энеден жана бир баладан аныкталган.

6-майга карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталып, жалпы саны 871ге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты