Эл аралык донорлордон келген жардамдын суммасы 174,5 млн долларды түздү

  • 4 года мурун

Кыргызстан эл аралык өнөктөштөрдөн алган каржылык жардамдын жалпы суммасы 174,5 миллион долларды түздү. Бул тууралуу 5-майда Президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алган маалда белгилүү болду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, министр бюджет чыгымдарынын кыскартылышы корголгон беренелер менен социалдык төлөмдөргө таасир этпей турганын билдирди.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков бюджетти колдоо үчүн кошумча каражат тартуу боюнча иштерди күчөтүү, тышкы карызды реструктуризациялоо тууралуу эл аралык каржы институттары жана донор өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү экенин белгиледи.

Болжолдуу маалыматтар боюнча 2020-жылдын январь-апрель айларында бюджеттин киреше бөлүгү 77,2% аткарылган. Бул пландалган суммадан 9,7 миллиард сомго аз.

Буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Эксимбанктын алдындагы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча сүйлөшкөнү кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты