Бишкек комендатурасы: Жолдо тыгын пайда болушу ыктымал

  • 4 года мурун

Ишкердиктин айрым түрлөрүнүн иши жандандырылгандыгына байланыштуу, борборго кире турган негизги жолдордогу тосмолордо автоунаалардын тыгыны жана кезек күтүү болуп жатат.

Мындай шарттарда айдоочунун жана жүргүнчүнүн дене табын текшерүү, документтерин текшерүү жүргүзүп жаткандыгынан автоунаалардын тыгындары пайда болуп калышы ыктымал.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз борбору билдирди.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыгып, кайсы тармактар иштей баштай тургандыгын аныктаган.

Сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты