​Чет өлкөдөн 29 кыргызстандык кайтып келди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 4-майда, Казакстан тарап менен кызматташып, Кыргызстанга Украина, Австрия, Венгрия, Чехия жана Словакиядан 29 кыргызстандык кайтып келди.

Украина авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Тараз шаарынын эл аралык аэропортуна «Киев-Будапешт-Тараз» маршруту боюнча келген биздин жарандар КР саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келинди.

Чет мамлекеттерде калган мекендештерди кайтаруу, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда, уланып жатат.

3-майда «Манас” эл аралык аэропортунда «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек чартердик рейси менен Кыргызстандын 180 жараны мекенине кайтты.

Ага чейин 26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны келген.

27-апрелде, Казакстан аркылуу 10 жараныбыз Ооганстандан, Кабул шаарынан кайтарылды.

28-апрелде ”Манас” эл аралык аэропортунда “Урал авиакаттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамы менен 157 жүргүнчү учуп келди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты