​Укук коргоо тармагынын 27 кызматкери коронавируска чалдыккан

  • 4 года мурун

Укук коргоо кызматкерлеринин арасында да коронавирус жуктуруп алгандар болууда.

Укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү арасында жалпы 27 кызматкер COVID-19 вирусун жуктуруп алгандыгы аныкталган.

Алардын ичинен он кызматкер айыгып чыкты, калгандары республикалык инфекциялык ооруканада жатат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымат жыйынында айтты.

4-майда бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталып, жалпы саны 830га жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты