​Гумжардам ПЧР-тесттер келет

  • 4 года мурун

Беларустан 100 миң, Түркиядан 60 миң тест-система келери күтүлүүдө. Кечээ Кытайдан гуманитардык жардам катары 10 миң ПЧР-система келди.

Республикада коронавирускка карата ПЧР-анализ жүргүзүү үчүн 9 лаборатория иштейт. Алардын үчөө — көчмө лаборатория, 30 лаборант — кызматта.

Учурда Кыргызстанда COVID-19 вирусуна 45 миң ирет изилдөө жүргүзүү үчүн диагностикалык системалардын запасы бар.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

1-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 10 учуру катталып, бардыгы 756га жетти.

Кечээки боюнча бир суткада 42 бейтап айыгып чыкты. Айыккандардын саны 504 киши болду. 8 киши каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты