​4-майда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталат

  • 4 года мурун

4-майдан 15-майга чейин жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат.

Тестирлөө 21-22-июнда өтөт.

Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу этаптары:

  • 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
  • 22-июнда предметтик тест тапшыруунун 1-этабы өтөт;
  • 24-июнда негизги тест тапшыруунун 2-этабы өтөт;
  • 25-июнда предметтик тест тапшыруунун 2-этабы өтөт;
  • ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
  • 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
  • 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
  • 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.

30-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 чалдыккан 17 учур катталып, вирус жуктургандардын жалпы саны 746 га жетти.

Президент Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал режимин узарткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты