​Иштөөгө уруксат берилгендерге өткөрмө кагаз керек болот

  • 4 года мурун

Уруксат берилген ишмердүүлүктүн кызматкерлерине өткөрмө кагаздары керек болот.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

-Өткөрмө кагаздар 1312.tunduk.kg порталы аркылуу бекитилген тартипте комендатурадан берилет.

Бул күндөрү комендатурага ири жүктөм туура келерин түшүнүп турабыз, ошондуктан электрондук форматта тариздөөгө керек болгон тизмелерди бизнес ассоциациядан сураш үчүн атайын мамлекеттик органдарды ишке тарттык.

Ошондой эле комендатуранын операторлорунун ишин күчөтүүгө кошумча кызматкерлерди чакырдык жана, эгерде зарылдык жаралса, алар күнү-түнү иштешет, — деп билдирди вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты