​Тажикстанда 14 медицина кызматкери карантинге алынды

  • 4 года мурун

Хатлон облусунун Куляб шаарында инфекциялык оорукананын 14 дарыгери карантинге алынды.

Куляб инфекциялык ооруканасынын медициналык кызматкерлери чет өлкөдөн келип, 14 күнгө карантинге алынган 60тан ашуун эмгек мигрантын карашкан. Карантин бүткөн соң мигранттар менен кошо медиктер да үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Бирок эки күндөн кийин ак халатчандар кайрадан карантинге алынды.

Оорукананын башкы дарыгери Абдукарим Шокиров 14 кызматкердин экөө пневмонияга чалдыкканын билдирди:

– Азыр алардын абалы жакшы. Биринчи тест диагнозду аныктаган жок, ошондуктан экинчи жолу эксперсс-тест өткөрүүнү чечтик, – деди ал.

Тажикстанда коронавирусту тестирлөө саламаттык сактоо министрлигинин лабораториясында гана жүргүзүлөт жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына жооп берет. Бүгүнкү күнгө чейин 4100 тест жүргүзүлгөн, алардын ичинен 800дөйү кайрадан текшерүүдөн өткөн. Тажикстанга жалпысынан Орусия, Кытай, Германиядан 46 900 тест келген.

Расмий түрдө Тажикстанда коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек. Бийлик акыркы айда кайтыш болгон адамдар коронавирустан эмес, башка оорулардан көз жумганын түшүндүрүп жатат.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги элди дүрбөлөңгө түшпөөгө, ар кандай ушактарга ишенбөөгө чакырууда. Министрлик акыркы үч айда 5023 адам өпкө оорусунан улам ооруканага жатканын, бул сан өткөн жылга караганда 169 учурга аз экенин билдирүүдө.

Тажикстанда 27-апралден тарта окуучулар эки апталык каникулга таратылган. Маалыматка караганда, окуучуларды каникулга таратуу тууралуу чечимди өлкөнүн Коронавирустун алдын алуу боюнча штабы чыгарган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Радио Озоди

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты