​Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерге чач жана тырмак боёого тыюу салынды

  • 4 года мурун

Ашхабадда бюджеттик мекемелерде иштеген аял кызматкерлердин сырткы келбетине байланыштуу дагы бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Жаңы талаптарга ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде мектептер менен жогорку окуу жайлардын окутуучуларына чачын боёого, жасалма кирпик тагууга, тырмагын өстүрүп, боёп жүрүүгө болбойт.

Мындан тышкары аял кызматкерлердин жумушка улуттук оймо-чиймелер менен кооздолгон чоң жакалуу кийимдерди кийип келүүсүнө тыюу салынды.

2018-жылы Түркмөнстанда чачын, тырмагын ачык түстөргө боёп жүрүү үчүн айып пул киргизилгени кабарланган. Мындан тышкары аялдар узун жана денеге жабышпаган көйнөктөрдү кийүүгө милдеттендирилген.

2019-жылы Ашхабаддагы сулуулук салондорунун, чач тарачтардын жана укалоо салондорунун ишине чектөө киргизилгени белгилүү болгон. Буга байланыштуу шаардагы мындай кызмат көрсөткөн жайлардын көбү жабылып, кызматкерлери үйдө иштөөгө өтүшкөн.

Cүрөт: Түркмөн расмий сайты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты