​Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат. Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана өлкөдө социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Коронавирус жайылышына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты