​Биометрикалык паспорт даярдоо боюнча тендерди немис компаниясы утуп алды

  • 4 года мурун

Кыргызстанда биометрикалык паспортко бланктарды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендерди германиялык «Mühlbauer ID Services GmbH» (Мүлбауэр) компаниясы утуп алды.

Ишкана бул кызматы үчүн 655 млн. 645 миң сом сунуш кылды.

Ал эми «Казакстандын Улуттук банкынын банкнота фабрикасы» кызматын 800 млн. сомго баалап, экинчи орун алды.

Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Мекеме биометрикалык паспорт басып чыгарууга 973 млн. 123,5 миң сом бөлүүгө даяр экенин билдирген.

Тендер ушул жылдын 26-февралында жарыяланып, арызды кабыл алуу 19-мартта аяктаган. Жыйынтыгы 27-апрелде чыкты.

«Мүлбауэр» компаниясы чет мамлекетке чыкканда колдонулуучу паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерге 2018-жылы да катышкан. Анда литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок 2019-жылы Жогорку сот тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган. Себеби «Мүлбауэр» ишканасы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Жыйынтыгында мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган жана ага акчалай айып салынган.

Каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен.

Паспорт чыры маселесине байланыштуу УКМК төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кеткен.

Быйыл февраль айынын башында АКШ Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү чектеп, буга негизги себеп — өлкөдө биометрикалык паспорт бериле электиги экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты