​Кыргызстанда коронавируска чалдыккандарды дарылоого кеткен чыгымдар айтылды

Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккан 165 бейтапты стационарда дарылоого 3 млн 98 миӊ 824 сом сарпталды.

Бул туурадуу мамлекеттик медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элмира Боронбаева маалымат жыйынында билдирди.

(Эгер бир кишиге эсептеп көрсөк, 19 мих сомго жакын каражат болот-ред.)

Ошондой эле коронавирус боюнча обсервацияда көзөмөлдө жаткан 1794 адамга 5 млн 264 миӊ 219 сом бөлүнгөн.

Бул эсепке дары-дармек, коммуналдык чыгым, жеке коргонуучу каражаттар, анализдер жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысы кирет.

  • Ооруканалар менен поликлиникалар жеке коргонуу каражаттарын алууга жана дезинфекция каражаттарына 188, 8 млн сом жумшады.
  • Анын ичинен 156, 1 млн сом жеке коргонуу каражаттарына, 32,7 млн сом дезинфекциялоого жумшалды.

Коронавирустун түрүнө жараша жумшалган каражат

Ал эми коронавирустун түрөнө жараша саламаттык сактоо министрлигинин адистери эсептеп чыккан болжолдуу маалыматтар мындай:

жеңил форма — 7 988 сом;

орто форма — 16 370 сом;

оор — 74 000 сом;

өтө оор — 118 807 сом.

Жеке коргонуу каражаттары, дары-дармек ж.б. чыгымдар жер-жерлерге бөлүштүрүлгөндө:

188,8 млн сомго сатып алынган жеке коргонуу каражаттары, дары-дармек жана башка керектүү чыгымдар:

• Ош облусу жана Ош шаары – 46,1 млн сом,

• Жалал-Абад облусу – 63,0 млн сом,

• Баткен облусу – 6,2 млн сом,

• Нарын облусу – 13,6 млн сом,

• Талас облусу – 3,5 млн сом,

• Чүй облусу – 12,9 млн сом,

• Ысык-Көл облусу – 8,1 млн сом,

• Бишкек шаары – 35,2 млн сом.

Дагы канча медициналык каражат бар?

26-апрелге карата саламаттык сактоо уюмдарында төмөнкү жеке коргоочу каражаттар калдыгы бар:

Бир жолу колдонулуучу костюм – 46 523 даана;

көп жолу колдонулуучу костюм – 20 797 даана;

респиратор – 58 475 даана;

бир жолу колдонулуучу беткап – 1 110 613 даана.

Дагы канча жеке коргонуучу каражат керектелет?

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын болжолдуу муктаждыгына карата бир айга 231,6 миң коргоочу костюм керектелет.

Саламаттык сактоо уюмдарындагы калдыктарды эске алганда дагы кошумча 184,7 миң бир жолку коргоочу костюм керек болот, ал эми 128 миң респиратор.

Бир жолу колдонулуучу беткаптар жетиштүү санда.

Бүгүнкү күндө бейтаптар жана байланышта болгон адамдар менен иштеп жаткан саламаттык сактоо уюмдары үчүн бир айга 72 546 бир жолку колдонулуучу костюм жана 70 миң респиратор керектелет, алардын ичинен FFP3 жана FFP2 даражасы жогорулатылган коргоо респираторлорунан 32 400 даана болушу керек.

Бул тууралуу медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элмира Боронбаева билдирди.

Саламаттык сактоо уюмдарына берилген гумжардам

Коронавирус пандемиясынын шарттарында ар кыл фонд, юридикалык жана жеке жактардан саламаттык сактоо уюмдарынан гуманитардык жардам келип түшкөн.

23-апрелге карата саламаттык сактоо уюмдары гуманитардык жардам катары төмөнкүлөрдү алышты:

6300 коргоочу костюм,

113 933 бир жолу колдонулуучу беткап,

4030 респиратор,

17 тез жардам унаасы,

34 кычкылтек концентратору,

1172 жуп коргоочу көз айнек,

7 керебетке бекитилүүчү монитор,

5 жасалма дем алдыруу аппараты алынган.

Маалыматтарды ММКФ төрайымы Элмира Боронбаева маалымдады.

27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталып, жалпы саны 695ке жетти.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 395 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты