​Видеодогу дары — Калетра/Алувиа. Коронавируска каршы колдонулары чын (Фактчекинг)

Жакында социалдык тармактарда коронавирус жуктуруп алган Нарын шаарынын тургуну Макеналиев Орозбек КР Президентине, Башкы прокуроруна кайрылуу жасаган. Ал кайрылууда медайымдар 2 даана таблетка бергенин, ал дарыны ичкенде тырмагынын учунан башына чейин кара терге түшүп кыйналганын айткан. “Ошондон кийин уулум экөөбүз бул дарыны ичкенден баш тарттык. Аялым менен келиним дагы ичкенде кыйналып баштады, мен ичирбей койдум”, — деп айтат видео тасмада.

Биз ал видеотасмада көрсөтүлгөн дары кандай дары экенин текшерип көрдүк.

Адегенде тасмада көрсөтүлүп жаткан дарыны сүрөт кылып, Yandex.ru издөө системасы аркылуу тескерисинен сүрөттү жүктөп издегенибизде ага окшош таблеткалардын сүрөттөрү чыкты.

Анын ичинен биз видеодогу дарынын жазуусуна окшошун таптык. Ал сүрөттүн шилтемеси менен кирдик. Бул медициналык жана фармациевтикалык кызматкерлерге арналган сайт болуп чыкты. Бул сайттын форумунда кайсы бир колдонуучу жигити ушул белгисиз дарыны ичип жатканын айтып, ал дарынын сүрөтүн жүктөп, колдонуучулардан “бул дарынынын аты кандай? Эмне болгон дары?” деп сураган.

Ал жердеги колдонуучулар (медиктер) бул Калетра/Алувиа деген дары экенин, Аббот деген компанияга тийиштүү дары экенин жазышкан.

Дарынын биринчи белгиси — бул Америкалык Abbot фармацевтикалык компаниянын логотиби. Ал эми AL деген жазуу Алувия деген дары экенин түшүндүрөрүн, бул дары ВИЧ менен күрөшүү үчүн колдонуларын жазышкан.

Биз издөөнү Калетра/Аливуя Аббот деп жүргүздүк. Бул жакта дарылар тууралуу маалыматтар чыкты. Андан Калетра/Алувия дарысынын курамында лопинавир жана ритонавир бар экендиги, ал ВИЧке карата колдонулары жазылган.

Эми ушул дарылар коноавирусту дарылоо үчүн колдонулганы туурабы же жокпу деген суроого жооп табышыбыз керек эле. Биз гуглдун кеңейтилген издөө инструменти аркылуу “лопинавир/ритонавир Covid-19” деп Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтынан издеп көрдүк.

Жыйынтыгында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту айыктыра ала турган дарыны табуу максатында “Тилектештик” деп аталган эл аралык клиникалык сыноолорду баштаганы, учурда 90 өлкө натыйжалуу дарыны табуу үчүн биргелешип иштеп жатышканы, ал дарылардын ичинде лопинавир жана ритонавир дагы бар экендиги жазылган. Ошол эле жерде бул дарылардын баары сыноодон өтүп жатканын, алардын терс таасири дагы тийиши ыктымалдуулугу, анын башка дарылар менен аралашуудагы таасирлери байкалып турушу керектиги жазылган.

Жыйынтык: Видеодогу жаран көрсөткөн дарынын аты — Калетра/Алувиа, жана анын курамындагы лопинавир, ритонавирди ДСУ коронавирусту айыктуруу үчүн сунуш кылганы жана анын оң жыйынтык берип жатканы чындык. Бирок сыноо иштери аягына чыга элек.

Урматтуу окурман, сиз кайсы бир маалыматтын чын экенинен шектенип жаткан болсоңуз аны биздин WhatsApp +996773778957 номерибизге жөнөтсөңүз болот. Биз текшерип, сайтыбызга чыгарабыз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты