Медицина кызматкерлеринин баары коронавируска чалдыгып калса эмне болот?

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин коронавируска чалдыгуусу күч алгандыгына байланыштуу коомчулукта, эгер алардын баары ооруп калса, анда абалыбыз кандай болот деген кооптонуу жаралууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев андай кооптонууга негиз жок экенин билдирди.

-Андай кооптонууга орун жок. Бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору иштеп жатат. Айрым жерлерде өтүшүп кеткен учурлар бар, бирок эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Андай кооптонуу болбош керек. Эпидемиологиялык абал көзөмөлдө,- деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары.

27-апрелдеги маалымат боюнча бир сутка ичинде республикада 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 2, Ош шаарында – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19га 183 медицина кызматкери чалдыккан.

Буга чейин Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 8 медициналык кызматкери коронавируска чалдыкканын саламаттык сактоо министрлигинин шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирген. Аталган медициналык борбор дезинфекциялоого жабылган.

27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталып, жалпы саны 695ке жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты