​COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча каражат берилди

  • 4 года мурун

Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине тартылган 6030 медицина кызматкерине жалпы суммасы 34 млн 716 миң сомду түзгөн кошумча төлөөлөр төлөнүп берилди.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министи Сабыржан Абдикаримов билдирди.

Медицина кызматкерлеринин толук тизмеси дагы аныкталары белгиленди.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 175 болду.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганы маалым болду.

25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учуру катталып, жалпы саны 665 болду. 8 киши каза тапты.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты