​Новосибирск-Бишкек авиакаттамы менен келген 30 киши обсервацияга алынды​

  • 4 года мурун

Новосибирск-Бишкек авиакаттамы менен келип обсервацияга алынган 30 киши Ысык — Көл облусунун тургундары.

Алар тиешелүү адистердин коштоосунда Ысык-Көл облусундагы «Ак кеме» экологиялык постуна келишкен.

Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, алар “Ак кеме” экологиялык постунан обсервацияга алынуучу жерге жеткирилет. Бул тууралуу коронавирусьун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

22-апрелде Новосибирскиден чартердик рейс менен ал жакта келе албай кыйналып жаткан кыргызстандктар алынып келинген. 176 жүргүнчү аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлгөн.

Бүгүн, 24-апрелде, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан 351 жаран мекенине кайтып келди.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты