COVID-19: Кыргызстанда массалык лабораториялык диагностика системасы ишке киргизилди

Жаңы лаборатория COVID-19 дартын аныктоо үчүн бардык талаптарга жана стандарттарга жооп берет.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун алдындагы «Вирустук изилдөөлөр жана сейрек инфекциялар лабораториясынын» өндүрүштүк базасында тийиштүү жай берилди.

Өз кезегинде Бонецкий лабораториясынын жетекчилиги медиктер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 3055 акысыз ПЧР-тесттерди өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

«Бонецкий лаборатория» тармагынын башкы директору Артем Лыжин билдиргендей, долбоор ишкерлердин жана меценаттардын кайрымдуулук берүүлөрүнүн эсебинен ишке ашырылды. Бул демилгеге биринчилерден болуп «Мөл Булак» микрокредиттик компаниясы кол сунду.

Компания 100 миң АКШ долларына реагенттерди, ошондой эле ЖКК (жеке коргонуу каражаттарын) сатып алууга жана зарыл технологиялык жабдуулар үчүн 61 миң АКШ долларын бөлүп берди.

23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учуру катталып, жалпы саны 631 киши болду.

48 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. 302 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 8 киши каза тапты.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты