Коронавирус адамга буюмдар аркылуу жукпайт деген пикир — чындык. Бирок, изилдөө толук бүтө элек

Германиялык вирусолог Хендрик Штрек коронавирус буюмдардын бетинде жашай албай турганын изилдеп чыкканы социалдык тармактарда талкууланып жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Хендрик Штрек Германиядагы Вирусология жана ВИЧти изилдөө институтунун директору жана профессору.

Анын ZDFheute каналына берген маегинде коронавирустун таралышы боюнча өз пикирин изилдөөсүнө таянып айткан:

“Дүкөндөргө барганда ооруну жугузуу коркунучу жок. Инфекциянын оор формалары адамдар бири-бири менен узак убакытта жакын байланышта болгондо жуккан. Эшиктен, телефондон же дааратканадан үлгүлөр алынганда, ушул тампондун негизинде вирусту лабораторияда өстүрүү мүмкүн болгон жок. Бул деген биз алган үлгүлөрдөгү вирустар өлгөн дегенди билдирет. Вирустун мындай жол менен жугуусу үчүн бирөө колуна түз чүчкүрүп эшиктин колун кармап койгондо, башка адам келип эшиктин колун кармап, бетине тийгизиши керек. Учурда бул терең изилденип жатат”, — деп коронавирус буюумдардын бетинен эмес, адамдар менен түз контакт болгондо жугарын билдирди Штрек.

Штректин изилдөө тобу Германиянын башка шаарларын мурун коронавирус табылган Хайнсберг шаарында COVID-19 жугузган үй-бүлөлөр жашаган батирлерди иликтешкен.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адегенде адамдар буюмдарга же айланадагы буюмдардын бетине тийгенде, андан кийин көздөрүн, мурдун же оозун кармаса инфекцияны жуктуруп алышы мүмкүн экенин билдирген:

“COVID-19 вирусу аныкталган адамдардан жугушу мүмкүн. Ушул себептен, оорулуу адамдан 1 метрден ашык аралыкта болуу маанилүү. Вирус адамдан адамга жөтөлүп же чүчкүрүп, мурундан же оозунан чыккан кичинекей тамчылар аркылуу жугушу мүмкүн. Бул тамчылар адамды курчап турган буюмдарга жана Бир нерсенин бетине түшөт. Адегенде адамдар бул буюмдарга же айланадагы бир нерсенин беттерине тийгенде, андан кийин көздөрүн, мурдун же оозун кармаса инфекцияны жуктуруп алышы мүмкүн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтык: Коронавирус адамга буюмдар аркылуу жукпайт деген изилдөө чын. Бирок, терең изилденип бүтө элек

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты