​Бүгүн COVID-19 вирусу бар аял каза тапты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 22-апрелде, COVID-19 вирусу бар аял каза тапты. Ал 53 жашта болчу.

Бейтап республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 5-апрелде оор абалда келип түшкөн жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Буга чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан.

Маркумдун дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарты бар болчу.

Статистика боюнча бул маалымат өткөн сутка катары 23-апрелге кошулат

Кыргызстанда 22-апрелге карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталып, коронавирус жугузгандардын бардыгы 612 болду.

22-апрелге карата каза тапкандардын саны 7 кишиге жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты