Путин СССРди кайра жараткысы келерин айткан эмес

Социалдык тармактарда жана ММКларда Орусиянын президенти Владимир Путиндин СССРди кайра жаралуусуна байланыштуу берген комментарийи катуу талкууланып жатат. Кээ бир маалыматтарда “ал СССРди кайра алып келгиси келет” деген пикирлер айтылыт жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

INTERFAX.RU онлайн басылмасы “Путин СССРдин кайра жаралуусуна байланыштуу башка өлкөлөрдүн кооптонуусун билдирди” деген макаласын жарыялаган:

“Постсоветтик мейкиндикте тереңирээк интеграция жүргүзүүгө Экономикалык атаандаштын пайда болушунан кооптонгон батыштык өнөктөштөр тоскоолдук жаратарын Орусиянын Президенти Владимир Путин билдирди.

“Москва. Кремль. Путин” программасына берген маегинде ал биригүү идеясы Советтер Союзунун жана Советтик империянын кайра жаралуу коркунучуна туш болорун айтты”, деп андан ары Путиндин 2019-жылдын 1-октябрындагы маегиндеги сөздөрү берилген.

Россия 1 каналынын “Москва. Кремль. Путин.” (20:00 — 21:50) программасында 2020-жылдын 19-апрелиндеги берүүсүндө Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын 1-октябрында өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин отурумда берген маеги берилген. Ал маегинде СССРдин кайра жаралуусу боюнча комментарий берген:

“Мүмкүн болгон бардык жерлерде өлкөлөр, күчтөрүн бириктирүү менен өздөрүнүн атаандаштык жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө аракет кылып жатышат. Постсоветтик өлкөлөр үчүн бул табигый нерсе. Бардык өлкөлөрдө алар орус тилинде эркин сүйлөй алышат. Бул чоң артыкчылык. Бизде бир мамлекеттен мураска калган транспорттун, энергетиканын, байланыштын жалпы инфраструктурасы бар — бул интеграциянын дагы бир чоң артыкчылыгы. Кылымдар болбосо дагы бир канча ондогон жылдар бою калыптанган бул артыкчылыктарды колдонуу менен биз атаандаштык жөндөмдүүлүгүбүздү көтөрө алабыз. Мен биздин батыштык кесиптештерибиздин каршылыгына ушундай гана комментарий бере алам, бул жакта экономикалык гана кызыкчылык бар, башка кызыкчылык жок. Анткени, ушул себептен улам алар биз менен сүйлөшпөй келишкен.Себеби, алар атаандашынын күчтөнүп кетишин каалабайт. Биз аны каалайбыз да, анткени, ал биздин элибиздин жашоосун жакшыртуу үчүн керек […]. Мурдагы фобияларды жеңүү, Советтер Союзунун жана совет империясынын кайра жаралуу коркунучу менен күрөшүү, бардыгынын кызыкчылыгы үчүн күчтөрдүн башын бириктирүү сөзсүз түрдө жол салып жатат. Бул артыкчылыктарды сезгенде — процесстин бардык катышуучулары бул артыкчылыктарды сезип жатышат — биз андан ары жыла беребиз, жаңы кадамдарды жасайбыз жана алдыга жылабыз”, деп билдирген Путин.

Жыйынтык: Путин СССРди кайра жараткысы келип жатканын айткан эмес.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты