Кыргызстанда дары-дармектер 15-20% чейин кымбаттады

  • 4 года мурун

Дүйнөлүк пандемия жана доллар курсунун жогорулашына байланыштуу Кыргызстанда дары-дармектин баасы 20 пайызга жогорулады. Бул туурасында Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Дарыларды алып келүү кыйынга туруп калды, мурда бир килограммдын жол акысы үч-төрт доллар болсо азыр 7-8 долларга көтөрүлдү. Ошого карабастан медициналык каражаттарды алып келген компаниялар менен сүйлөшүп, маселени чечип жатабыз. Бүгүнкү күндө өтө чоң дефицит жок, бирок 15-20 пайызга чейин кымбаттады. Буга жол акысы жогорулаганы, ага кошумча доллар менен евронун курсу өскөнү таасир этти», — деди Асанов.

Бирикменин төрагасы учурда өлкөдө дары-дармек кымбаттаганы менен алардын жетишсиздиги жок экенин кошумчалады.

Асанов ошондой эле ушу тапта өзгөчө абал режимине байланыштуу фармацевттердин уруксат кагаз алышында кыйынчылык болуп, ал өз кезегинде дары-дармектерди тиешелүү тараптарга жеткирүү түйшүк жаратууда дейт. Анын айтымында бул маселени бийлик чечип бериши керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты