Жеке лабораторияда жакында ПЧР-тест тапшырууга болот

  • 4 года мурун

Бүгүн-эртең жеке лабораторияда, атап айтсак, Бонецкий түйүндөрүндөгү лабораторияда мамлекеттик карантин жана өзгөчө кооптуу инфекциясы борбору менен бирге коронавируска ПЧР-тест тапшыруу жүргүзүлө баштайт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында суроолорго жооп берүү учурунда белгиледи.

-Жакынкы күндөрү жарандарыбыз COVID-19 аныктоого ПЧР анализдерди, Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун базасында уюштурулган, Бонецкий жеке лабораториясынан тапшыра алышат. ПЧР-тесттин баасын жана изилдөөгө кеткен бардык чыгашаларды эске алганда, анализ тапшыруу – болжол менен 2000 сомду түзөт, — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Үсөнбаев.

Анын айтымында, республикада ПЧР- тест система жетиштүү. Кошумча сатып алуу да жүргүзүлүп жаткан учуру. Азыркы тапта 40 миңден ашык ПЧР-тест запаста турат.

Ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басары азыркы тапта COVID-19 боюнча тоңдурулган анализдер жок экенин билдирди. Бардык алынган анализдер, кечиктирилбестен лабораториялык текшерүүдөн өтүп жатат

Кыргызстанда 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталып, бардыгы 568ге жетти.

Кыргызстанда 20-апрелге карата жалпысынан 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 201ге жетти.

Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты