​Кытай жана Польшадан адистер коронавирусту дарылоого жардамга келет

  • 4 года мурун

Жакынкы күндөрү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жардам берүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Кытай менен Польшадан медицина адистеринин келиши күтүлүп жатат.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 17-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилованы кабыл алуу учурунда вице-премьер билдирди.

Мамлекет башчы жакынкы мезгилге өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кыл сценарийлерин иштеп чыгуу керектигин айтты.

Ошондой эле калкка вируска байланыштуу учурдагы кырдаал, гуманитардык жардамдын жана жарандар менен уюмдардан атайын эсепке түшүп жаткан каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү боюнча толук жана ачык-айкын маалымат берүү зарылдыгына токтолду.

«Жардамга муктаж бир да адам тийиштүү жардамсыз калбашы керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

18-апрелге карата дүйнөдө 2 242 868 киши коронавируска чалдыкты. Коронавируска чалдыккандардын саны боюнча АКШ бардык өлкөлөрдөн алдыда, 18-мартка карата АКШда 702 475 киши чалдыкты.

Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты