Коронавирус жуктургандар кайсы аймакта көп?
- 4 года мурун
17-апрелге карата Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жалпы 489 учуру катталды.
Анын ичинде:
Ош облусу – 135;
Бишкек шаарында -102;
Жалал-Абад облусунда -93;
Ош шаарында – 73:
Нарын облусунда- 45;
Чүй облусунда – 28
Ысык-Көл облусунда -8;
Баткен облусунда – 5.
Жалпы катталган учурлардын ичинен – 266 аял, 223 эркек.
Республикалык штабдын такталган маалыматы боюнча, Чүй облусундагы 1 учур Бишкекке которулду
Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.
Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.
15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.
Сүрөт: Республикалык штаб.