​Стамбулдан учуп келчү кыргызстандыктар обсервацияга жаткырылат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 17-апрелде, түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет.

Алардын баары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат. Өкмөт чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча ишин улантарын билдирди.

15-апрелде Жогорку Кеңеш чет өлкөдөгү мигранттарды алып келүүнү чечүүгө өкмөткө бир жума мөөнөт берген.

16-апрелде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу видеоконференция форматында сүйлөштү. Анда эки өлкөнүн жарандары үчүн чартердик аба каттамын уюштуруу маселеси каралган.

Өкмөт аларды жана башка чет мамлекеттердеги 4371 кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

17-апрелге карата дүйнөдө 2 158 033 киши коронавирус жуктурду. Түркияда 74 193 киши коронавируска чалдыкты .

Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты